Нарматова үч ЖМКны жабууга кол топтогонун төгүндөдү

Нарматова үч ЖМКны жабууга кол топтогонун төгүндөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова, «Кактус Медиа», «Клооп» жана «Азаттыкты» жабуу үчүн эл өкүлдөрүнөн кол топтоп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Нарматова Reporter.kg’ге билдиргендей, ал эч кимден кол топтогон эмес.

«Дастан (Бекешев – ред.) менин кол топтогонумду кайсыл жерден көрүптүр?! Далилдеп берсинчи! Менин кол чогултуп жүргөнүмдү кайсы жерден көрүптүр же кайсы жерден айтыптырмын?! Муну силерден (журналисттерден – ред.) уктум. Мен кечке чейин жыйында болдум. Эл көрбөгөн ишти, Дастан кайдан көрүптүр?! Жок жерден ар нерсени ойлоп чыга берет», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова «Кактус Медиа», «Клооп» жана «Азаттыкты» жабуу үчүн прездентке кат даярдап, депутаттардан кол топтоп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>