Назарбаевдин кызы Швейцариядан 45 миллион долларга жер тилкесин сатып алды

Назарбаевдин кызы Швейцариядан 45 миллион долларга жер тилкесин сатып алды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулибаева Швейцариядан 44 миллион франкка (45 миллион доллар) жер тилкесин сатып алды. Бул тууралуу швейцариялык La Tribune de Genève гезити жазды.

Кыймылсыз мүлк Женева кантонунун Коллонж-Бельрив коммунасында жайгашкан. Жер тилкеси Динара Кулибаева былтыр сатып алган «Бельрив» сарайынын аймагы менен чектеш. Маалыматка караганда, 1,5 гектарга чукул жерди ал Монако резиденти Марк Серсоктон сатып алган.

Динара Кулибаева буга чейин «Бельрив» сепилин ага-ини Серсектордон 62 миллион франкка (63 миллион доллар) сатып алганы айтылган.

Кулибаеванын ушул эле өлкөдө 75 миллион франкка бааланган вилласы да бар.

Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара менен күйөө баласы Тимур Кулибаев – «АЛМЭКС» компаниясынын башкы акционерлери. Ал аркылуу жубайлар Казакстандагы ири коммерциялык банкты көзөмөлдөп келишет. Мындан тышкары алар мунай жана газ скважиналарын тейлөө менен алектенген компанияларга ээлик кылышат.

Тимур Кулибаев – Казакстан ишкерлеринин «Атамекен» улуттук палатасынын төрагасы, Казакстандын мунайгаз ишканалары менен KAZENERGY энергетикалык комплексинин башчысы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>