Окко учкан 20 жаштагы Амангелди Балыкчиев жерге берилди – видео

Окко учкан 20 жаштагы Амангелди Балыкчиев жерге берилди – видео

Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын аскерлеринин аткылоосунан курман болгон Амангелди Балыкчиев 19-сентябрда Чүй облусунун Кемин районунда акыркы сапарга узатылды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Балыкчиев 2002-жылы 28-августта Кемин районунун Бообек айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси болгон.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 59 адамдын өмүрүн алып кетти, дагы 163 киши жабыркады.

Тажик тараптын кол салуусунан улам окко учкан Кыргызстандын жарандарынын алгачкы тизмеси.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>