Баткенде элди көчүрүүгө бюджеттен жалпы 497,6 млн сом жумшалды

Баткенде элди көчүрүүгө бюджеттен жалпы 497,6 млн сом жумшалды

Баткендеги окуяларга байланыштуу бюджеттен 497,6 млн сом сарпталды. Букл тууралуу каржы министринин орун басары Жибек Дуйшеева билдирди.

Аталган каражаттар Баткен облусундагы жарандарды коопсуз жайга көчүрүүгө жана тамак аш, дары дармек, медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга жумшалган.

«Алардын ичинде ӨКМге, ИИМге, Саламаттык сактоо министрлигине жана облустун ыйгарым укуктуу жергиликтүү бийликтеринин суроо-талаптарына ылайык каржылоо болгон», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>