Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Өкмөт мүчөлөрү Орусиядагы кырсыктан каза тапкандарды эскерди
23.08.2022 | 20:20
Бүгүн, 23-августта Бишкекте Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Жыйындын башында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон мекендештерди бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусундагы жол кырсыктан 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу Кыргызстанда 23-август Аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Орусиядагы кырсык: Каза болгондордун үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон кенемте берилет
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат