Окуу жылына даярдык көрүүдөгү кемчиликтери үчүн мектеп жана бала бакча жетекчилери жазаланат — мэрия

Жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин даярдыгын текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган ишти уюштуруудагы жана бекитилген аймактарды тазалыкта кармоодогу кемчиликтери үчүн Бишкек шаарынын айрым мектептеринин жана бала бакчаларынын жетекчилери тартиптик жоопкерчиликке тартылат, деп билдирет борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы.

Мэриянын маалыматы боюнча, 2-июлда Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Рахат Мусаева Билим берүү департаментинин, Октябрь райондук акимиатынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын, ошондой эле «Бишкекжашылкурулуш», «Тазалык» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын жетекчилиги менен биргеликте борбордогу билим берүү мекемелериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Такталгандай, комиссия Октябрь районундагы он мектеп жана бала бакчага барып, капиталдык жана кезектеги (учурдагы) оңдоо иштеринин аткарылышын, жаңы объектилердин курулушун, аймактарды көрктөндүрүүнү жана мекемелердин 2026/27-окуу жылынын башталышына карата даярдыгын баалады.

«Билим берүү мекемелеринде имараттарды капиталдык оңдоо, чатырларын алмаштыруу, жылытуу, электр менен камсыздоо жана канализация системаларын оңдоо, санитардык түйүндөрдү жаңылоо, ашкана жана кир жуучу жайларды оңдоо, кошумча корпустарды куруу, балдар жана спорттук аянтчаларды жабдуу, өрткө каршы тепкичтерди орнотуу, асфальттоо, сугат (ирригациялык) тармактарды куруу жана жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирет мэрия.

Текшерүү учурунда мектептердин жана бала бакчалардын санитардык абалына, курулуш-монтаждоо иштеринин сапатына, графиктердин сакталышына, жашыл бак-дарактарды сактап калууга жана балдар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Инспекциянын жыйынтыгы боюнча жооптуу кызматтарга жана подряддык уюмдарга пландалган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо жана аныкталган кемчиликтерди (эскертүүлөрдү) жоюу тапшырылды.

Мындан тышкары, ишти уюштурууда жана аймактарды кароодо кемчиликтер аныкталган билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу маселесин кароо тапшырылды.