Олимпиадага карай жол. Жуманазарова лицензиялык мелдешке катышат

Олимпиадага карай жол. Жуманазарова лицензиялык мелдешке катышат

Мээрим Жуманазарова (68 кг) Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдешке катышат.

Эскерте кетсек, былтыр сентябрда Жуманазарова дүйнө чемпионатында жаракат алып калган. Анда ал таймашты катары менен эки жеңиштен баштап, бирок жаракат алып калгандыктан чейрек финалдагы беттешке чыга алган эмес. Натыйжада 68 кг салмакта Олимпиадага лицензия ала албай калган.

Кийинки эл аралык турнирлерде 68 кг салмакта Нурзат Нуртаева күрөшүп жүргөн. Нуртаева 2023-жылы октябрда өткөн Азия оюндарында күмүш уткан.

Арадан бир нече ай өткөндөн кийин Жуманазарованын жаракаты айыгып, ал килем үстүнө кайтып келди. Мындан улам машыктыруучулар Бишкекте 19-21-апрелде өтө турган лицензиялык турнирге ким катышарын аныктоо үчүн Жуманазарова менен Нуртаеванын жекеме-жеке беттешин өткөрдү. Кармаш 2:2 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упайы Жуманазаровада болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды. Натыйжада лицензиялык мелдешке Жуманазарова катыша турган болду.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиадага 5 жолдомо бар: грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов лицензия алган.

Олимпиада: Махмудов, Тыныбекова, Шаршенбеков, Медет кызы кайсы күндөрү күрөшөрү белгилүү болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>