Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Экс-президент элге кайрылды   

Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Экс-президент элге кайрылды   

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук аза күтүү күнүндө кыргыз элине кайрылуу жасады.

Анын кайрылуусунда мындай деп айтылат:

Кымбаттуу калайык-журт!

Бүгүн Кыргызстаныбызды коргоп, шейит кеткен мекендештерибизди жоктоп, аза күтүүдөбүз.

Мамлекетибиздин чебин коргогон мекен сакчыларыбыздын баатырдыгына таазим этебиз! Жоокерлерибиз, Баткен облусунун тургундары курман болушту. Ар бири үчүн жүрөк сыздап, кайгы-муңга батып турабыз. Баатырларыбыздын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.

Курман болгон жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, баарыбызга сабыр тилейм. Маркумдардын жаны Бейиште болсун! Жараткан өзү жар болуп, жарадар мекендештерибиз тезирээк сакайып кетишсин!

Ушул оор күндөрү Мекенибиздин Туусунун алдында бир муштум болуп түйүлүп, ынтымак, сабырдуулук менен ар бирибиз колубуздан келген жардамды бердик. Өлкө жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын кырдаалды турукташтыруу ишин мындан ары да колдоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн биримдикте коргойлу! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Жараткан Кудай Кыргызстаныбызды колдосун!

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал акыркы маалыматтар боюнча 59 адамдын өмүрүн алып кетти, дагы 163 киши жабыркады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>