Иманкулов: Чек арадагы жаңжалды Тажикстан баштады

Иманкулов: Чек арадагы жаңжалды Тажикстан баштады

Чек арадагы жаңжал Тажикстан тараптын чагымы менен башталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш тууралуу айтып жатып, Тажикстандын чек арачылары биринчи болуп ок чыгарганын белгиледи. Анын айтымында, чыр башталардан мурда эле Кыргызстан тажикстандык чек арачыларга тактала элек аймактарга кирбөөнү эскерткен.

«Такталбаган аймактаргак кирбеш керек деп мурда эле макулдашылган. Бирок алар аны бузуп, эскертүүлөргө карабай чагымчыл максатта ал жакка кирген. Анын айынан ок атышуу башталган. Алар ок атып баштап, андан кийин миномет менен аткылоого өткөн. Башаламан аткылап баштап, анын ичинде жарандык инфраструктураларды аткылады», — деди ал.

Ошол эле учурда ал чыр бир тилкеде болуп жатса, тажик тарап башка жерде жайгашкан кыргызстандык чек арачыларды аткылай баштаганын белгилеп өттү.

«Чыр бир жерде чыгып жатса, алар башка жерден да аткылады», — деди ал.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>