Ошто милициядан качкан каракчылардын унаасы кырсыкка кабылып, 3 адам мерт кетти

Ошто каракчылыкка шектелгендердин унаасы кырсыкка кабылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда алар кырсыкка учураар алдында бир үйдө каракчылык кылып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат 01:50дө Жапалак айылынын аймагында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен “ДАФ-XF95430” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, кырсыктан жеңил унаадагы 3 адам каза болгон.

57 жаштагы Жапалак айылынын тургуну, А.К. ВАЗ-2106 унаасын Жапалак көчөсү аркылуу батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, жолдун карама-каршы багытында келе жаткан “ДАФ-XF95430” оор жүк ташуучу унаа менен бетме-бет кагышкан.

Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу А.К., 40 жаштагы жүргүнчүсү А.Р. (аял) жана өздүгү аныктала элек аял киши окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле А.Н. аттуу 40 жаштагы Ноокат районунун тургуну Ош шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя болгон жерди кароо учурунда “ВАЗ-2106нын” ичинен 1 даана милиция тарабынан атайын каражат катары колдонулган резинадан жасалган дубинка далил зат катарында алынган.

“ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү автоунаасын милициянын кайгуул кызматкерлери автоунааны токтотууну талап кылган учурда, аларга баш ийбей, качуу максатында каршы тилкеге чыгып оор жүк ташыган унаа менен кагышкан.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө, жаӊы жагдайлар аныкталган. 10-апрель күнү, саат 23:40 чамасында белгисиз атуулдар Ош шаарынын Бекбалаева көчөсүндө жашаган М.Б. аттуу тургундун үйүнүн эшигин бузуп кирип, аны дубинка менен ур-токмокко алып, акчаларын карактап кеткендиги тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Жабырлануучу М.Б. милиция кызматкерлери менен бирге көрсөтмө берүү үчүн бара жатып, шектүүлөр жүргөн “ВАЗ-2106” унаасы өтүп кеткенин байкап, тартип сакчыларына билдирген. Натыйжада шектүүлөр бара жаткан автоунааны токтотуу максатында , үн күчөтүүчү жабдыктар аркылуу жана жарыктандыруучу маякты жандырып, токтотууну талап кылган учурда, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ылдамдыкты күчөтүп , качуу максатында каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Аталган факт боюнча 202-берененин 2-бөлүмү менен иш козголуп, жабырлануучунун денесиндеги жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн жана каза болгон жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар, ал эми аталган жол унаа кырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо максатында соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган.

Ошто жол кырсыгынан 3 каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>