Путиндин Рахмонго сыйлыгы: Кыргыз ТИМинин маалымат катчысы комментарий берди

Путиндин Рахмонго сыйлыгы: Кыргыз ТИМинин маалымат катчысы комментарий берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чыңгыз Кустебаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго Россиянын III даражадагы «Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйланышы боюнча комментарий берди.

«Сыйлык өз «ээсин» тапты… Эсибизде, былтыр Тажикстандын президентин Кыргызстанга жасалган апрелдеги куралдуу агрессиядан кийин «мамлекеттер арасында достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташууну өкүнтүргөнү үчүн» сыйлашкан эле. Эми «аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздөө үчүн» Россиянын III даражадагы «Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйланды.

Кызыгы, Тажиксттандын жетекчилигинин иш-аракеттери жылдан-жылга Борбор Азиянын элдеринин ортосундагы тынчтыкка жана ынтымакка доо кетирип жатканда, кайсы аймактык коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот.

Кыргыз жеринде бейкүнөө адамдардын каны муздай электе, энелер азыркыга чейин өз балдарына көз жашын агызып жатканда, жай тургундар талкаланган үйлөрүнө кайтып жаткан учурда бул сыйлыктын берилишине негиздүү түрдө таң бересиң.

Маараке-мааракеси менен, бирок факт факт бойдон калат. Бул кадам биз кыргыз-тажик чек арасындагы көрүп жаткан жагдайга эч ылайык келбейт», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду III даражадагы «Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйлаган.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>