Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
Альпинисттик лагерден 2 адамды атып өлтүргөн күзөтчү кармала элек
08.07.2019 | 11:38
Ысык-Көлдөгү “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринен 2 адамды атып өлтүрүп качып кетти делген Сергей Смирнов кармала элек. Бул тууралуу reporter.kg`ге облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
“Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүүнү кармоо үчүн бардык тийиштүү күч каражаттары тартылды. Шектүү ошол аймакты жакшы билип, мурда туристтерге жол көрсөтүп иштеп жүргөндүктөн, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо кыйын болууда”, – деди Усубакунов.
Айта кетсек, шектүү “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердеги жетекчинин орун басарын жана кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени 5-июлда кабарлаган. Кылмышкер бир күндөн кийин барымтага алынган аялды кое берген.
Рубрики: Жаңылыктар