Садыр Жапаров белекке алган унаасын Улуттук тарых музейине тапшырды

Садыр Жапаров белекке алган унаасын Улуттук тарых музейине тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин раритет автоунаасын Мамлекеттик тарых музейине тапшырды.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров  бул унааны  Нарын облусунун тургуну, жеке ишкер Бакай Өмүралиевден белек катары алган. Ал  Турдакун Усубалиевдин тарыхый жактан мааниси баалуу бул кызматтык автоунаасын көп жылдар бою сактап келген.

Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Турдакун Усубалиевдин жаркын элесин урматтоо менен анын автоунаасын Улуттук  тарых музейинин балансына өткөрүп берди.

Белгилей кетсек, “ГАЗ-69” маркасындагы автомобиль Турдакун Усубалиевдин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп тургандагы кызматтык автоунаасы болуп саналат. Кийин бул автомобиль республиканын райондорунун бирине пайдаланууга берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>