Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды

Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды

Сиздин чыгармачылыгыңыз — бул улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз», — деди Садыр Жапаров.

Баарлашуунун жүрүшүндө манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.

Садыр Жапаров салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалап жүргөн жактардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын айтты.

Жолугушуунун соңунда президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>