Садыр Жапаров Санкт-Петербурга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Санкт-Петербурга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Белгилүү болгондой, Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отурумуна жана КМШга кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

«Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат. Атап айтканда, комиссиянын коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү,  биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет.

2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, отурумдун алкагында Иран менен ЕАЭБдин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылдагы кызматташунун жыйынтыктары чыгарылат .Келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстан көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2023- жылы төрагалык кылган», — деди Азымбакиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>