2023-жылдын 1-июлунда Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо ойнотулат. Негизги байгелерден тышкары, иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын кошумча 15 смартфон ойнотулат.
Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолот. Алардын арасында Кайрат Примбердиев, Каныкей, «Инсан» тобу, Эркин Мукашев, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисова, Баястан, Абир Касенов сыяктуу белгилүү ырчылар бар.
Иш-чара саат 19:00дө башталат. Саат 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө лотереяга 236 миңден ашуун адам катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз