2019-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 6 миллиард сомго жакын салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 1 млрд 566,2 млн сомго, же 76,1 пайызга көп чогулган.
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы 6 ай ичинде ишкерлерлерге карата 5 миң 868 текшерүү жүргүзгөн.