Тепек тергени кеткен. Барскоондо өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Тепек тергени кеткен. Барскоондо өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Жети-Өгүз районунда тоого кетип дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-июль күнү Жети-Өгүз РИИБге «112» кызматынын диспетчеринен билдирүү түшүп, анда ошол эле күнү саат 18:00 чамаларында Кичи-Жаргылчак айылынын 2007-жылы туулган А.Ж. аттуу тургуну тепек тергени Барскоон шаркыратмасынын аймагына кетип, дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

Аталган кабар боюнча өспүрүмдүү издөө иштерине райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган болучу.

Издөө иштеринин жүрүшүндө, өспүрүмдүн жансыз денеси Баркоон-Кумтөр жолунун үчүнчү көпүрөсүнүн жанындагы тоонун аймагында табылган. Болжолдуу маалыматка караганда, ал тоодон кулап кеткен. 

Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, өспүрүмдүн каза болгон себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>