Шыкмаматов: Матраимов Саймаитини иликтеген депкомиссиядан чыгышы керек

Шыкмаматов: Матраимов Саймаитини иликтеген депкомиссиядан чыгышы керек

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан Искендер Матраимов чыгышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Депутаттын айтымында Искендер Матраимовдун комисия курамында болушу  коомчулукта ишенбестик жаратат.

Комиссиянын курамынан Матраимов чыгыш керек. Антпесе коомчулук комиссиянын ишине  ишенбейт. Ошондуктан  комиссиянын башка мүчөлөрү көтөрүп, талап кылуубуз керек», — деп билдирди Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун сунушунан кийин Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ага ар бир фракциядан депуттар кирген, жалпысынан анын курамында 12 депутат бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>