Айыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койдуКиберчабуулдар жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши ВИЧтин алдын алууга жана дарылоого тоскоол болуудаСергей Волков: КРСУнун азыркы окуу корпустары мектептер жана колледждер үчүн пайдаланылатДепозиттер, кепилдиктер жана тобокелдиктер: аманатчылар эмнени билиши керек?Кыргызстанда авиакомпаниялар үчүн овербукингге тыюу салынды
Сом бардык валюталарга карата арзандады
28.07.2022 | 17:04
Кыргызстандын Улуттук банкы 29-июлга карата валюталардын сомго карата курсун жарыялады.
Жаңыланган курс боюнча сом өнөктөш өлкөлөрдүн бардык валюталарына карата арзандады. Евро 1,56%га кымбаттап, 84,8233 сомду, доллар 0,85%га жогорулап, 83,07 сомду түздү.
Белгилей кетсек, америкалык валютанын расмий курсу май айынын ортосунан бери биринчи жолу 83 сомдон жогору көтөрүлгөн.
Кошумчалай кетсек, рубль менен теңге да сомго карата 0,11%га жогорулап, 1,3737 сомду жана 1,05%га, 0,1735 сомду түздү.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика