Тажик тарап барымтага алган аскер Жамал Тойчиев бошотулду — видео

Тажик тарап барымтага алган аскер Жамал Тойчиев бошотулду — видео

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда дайынсыз болуп жаткан “Бөрү” атайын отрядынын жоокери Жамал Тойчиев тирүү табылды. Бул маалыматты Чек ара кызматынан тастыктады.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарап Кыргызстанга өткөрүп берген аскер кызматкерлеринин арасында Жамал Тойчиев да бар», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Буга чейин аскер кызматкеринин жакындары  Жамал Тойчиев Баткенде кызмат өтөп жатканын жана байланышка чыкпай жатканын билдиришкен.

Жамал Тойчиев 1987-жылы Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган.

Буга чейин УКМК Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында жүргөнүн, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар төрт аскер кызматкерин бошотуу боюнча макулдашканын маалымдаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>