Тажикстанда бензин жоктугунан май куюучу жайлар жабылууда

Тажикстанда бензин жоктугунан май куюучу жайлар жабылууда

Тажикстанда борбору Душанбеде бензин жетишпей баалар эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдө күйүүчү май кризиси курчуп баратат. Ал эми май куюучу жайларда бензин жоктугунан баалар көтөрүлгөн. Тажикстанда күйүүчү май соңку эки жуманын ичинде 12%га кымбаттаган.

Мындан улам, Тажикстанда эң арзан бензин 67 сомдон, ал эми көпчүлүк жерде 90 сомдон жогору сатылып жатканы айтылат.

“17-мартта X-Oil май куюучу жайынын кызматкерлери акыркы бензиндерин сатып түгөтүштү. Душанбе шаарындагы башка май куюучу жайларда дагы бензин жок болгондуктан баалар боюнча көрнөк-жарнактарды алып жатышат”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймактарында да бензин тартыштыгы жаралган.

Кыргызстандан чийки мунайды жана мунай заттарын өлкө тышына экспорттоого тыюу салуу буйругу коңшу өлкөнүн айрым аймактарында бензин тартыштыгын жараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>