Сергей Волков: КРСУнун азыркы окуу корпустары мектептер жана колледждер үчүн пайдаланылатДепозиттер, кепилдиктер жана тобокелдиктер: аманатчылар эмнени билиши керек?Кыргызстанда авиакомпаниялар үчүн овербукингге тыюу салындыЖаза катаалдашкандан кийинки бир ай ичинде 1,5 миңден ашык мас айдоочу аныкталдыЭнергетика министрлиги: Кыргызстандын энергосистемасы штаттык режимде иштеп жататКыргызстанда ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун үчүнчү этабы башталды
Төө-Ашуу аркылуу туннелден өтүү акысы кымбаттайт
29.12.2023 | 21:53
Төө–Ашуу аркылуу туннелден өтүү акысы 1-январдан тарта кымбаттайт.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы жылдан баштап “Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү аркылуу өтүүнүн жаңы тарифтери күчүнө кирет.
Алсак, жеңил унаалардан 50 сомдон, чет өлкөлүк же транзиттик болсо 200 сомдон алынат. Кичи автобустар жана 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 75 сомдун ордуна 100 сомдон төлөйт. Чоң жүк ташыган транспорт үчүн — 250 сом алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар