Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, Сосновкадагы пост жабылды (видео)
Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында – Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Чүйдүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кар көчкүгө байланыштуу Жайыл районунун Сосновка айылындагы Толкун-1 посту унаалар үчүн жол жабылган.
“Азыркы убакытта жол тазалоо мекемелери тарабынан жол тазалоо иштери жүрүп жатат, Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, – деп айтылат маалымата.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, кар көчкү болжол менен саат 13:50до түшкөн. Учурда алардын кызматкерлери жолду тазалоодо.
“Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 куб метрди түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат”, – деп билдирет министрлик.