Кыргызстан жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынан таза аймак деген эл аралык макамды алууну көздөөдө«Ынтымак» командасы Таласта көк бөрү боюнча Жеңиш кубогун жеңип алдыМинистрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүдөБишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болот
Тыныбекова, Медет кызы Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына катышат
26.03.2024 | 14:55
Бишкекте өтө турган күрөш боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык 8 балбан кыз катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 11нен 16-апрелге чейин болуп өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Айжан Сабырбек кызы (53 кг)
- Азиза Келдибекова (55 кг)
- Калмира Билимбек кызы (57 кг)
- Айсулуу Тыныбекова (62 кг)
- Жаркынай Нурланбек кызы (65 кг)
- Гүлнура Таштанбекова (68 кг)
- Нурзат Нуртаева (72 кг)
- Айпери Медет кызы (76 кг)
Белгилей кетсек, аталган балбан кыздардын ичинен Айжан Сабырбек кызы менен Калмира Билимбек кызы, андан тышкары Мээрим Жуманазарова Азиялык лицензиялык мелдешке катышат. Олимпиада оюндарына жолдомо берген ал мелдеш Бишкекте 19-21-апрелде өтөт.
Жуманазарова баштаган балбан кыздар Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөшөт