БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
U-23: Грек-рим күрөшү боюнча балбандар дүйнө чемпионатына барат
12.10.2023 | 16:59
Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча балбандар Албанияда өтө турган 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спортчу департаментинен билдиришти.
Мелдеш Тирана шаарында 23-29-октябрь күндөрү өтөт. Кыргызстандан дүйнө биринчилигине грек-рим күрөшүнөн 8 балбан барат.
Курама команданын тизмеси:
- Улан Муратбек уулу (55 кг);
- Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг);
- Баяман Каримов (63 кг);
- Эрмек Каныбек уулу (67 кг);
- Адилхан Нурланбеков (72 кг);
- Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг);
- Асан Жанышов (87 кг);
- Аркыт Орозбеков (97 кг);
- Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
- Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу;
- Арсен Эралиев – улук машыктыруучу.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган дүйнө чемпионатына бара турган кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча балбандардын тизмеси жарыяланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз