«Даңк» медалын алган Гүлжигит Бектенов чек арада курман болду

«Даңк» медалын алган Гүлжигит Бектенов чек арада курман болду

Бүгүн, 18-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын аскерлеринин аткылоосунан курман болгон командир Гүлжигит Бектенов акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу санаалаштары билдирди.

Гүлжигит Бектенов 1995-жылдын 25-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында туулган.

2013-2017-жылы аскердик академияда билим алып, 2017-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Исхак Раззаков атындагы 20/21 атайын багыттагы атайын дайындалган «Бөрү» отрядынын 1-тобунун командири кызмат ордунда кызмат өтөгөн.

2019-жылы президенттин «Даңк» медалы менен сыйланып, ведомстволордун көптөгөн сыйлыктарына ээ болгон.

Ал Тажикстандын кол салуусунан улам мекенин коргоп, катардагы жоокерлеринин өмүрүн сактайм деп атып, окко учуп курман болгон.

Артында 1 айлык кызы калды.

Чек арада окко учкан улук лейтенант Нурсултан Жаныбеков да жерге берилгени буга чейин маалымдалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча чек арадагы жаңжалдан кеминде 37 адам каза болду. Алардын көбү аскер кызматкерлери. Буга чейин 4 чек арачынын өздүгү такталган.

Ал эми 16-сентябрда чек арада Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну болгон эки аскер кызматкери каза болгон. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>