Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
УКМК жалган маалымат тараткан дагы бир адамды кармады
30.03.2020 | 10:05
Улуттук коопсузудк мамлекеттик комитети коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир адамды кармады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган адам Чүй облусунун Ивановка айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Маинкуй Ибрагим болгон.
“Ал медициналык кызматкерлер дезинфекция өткөзүп жаткан учурду видеого тартып, туура эмес комментарий менен таркатып жиберген. Аны менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кестек, УКМК коронавирус тууралуу жалган маалымат траткандар менен күрөшүүдө. Мыйзамга ылайык, жалган маалымат тараткандар жоопко тартылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар