Улуттук банк: доллардын сомго карата курсу 0.15%га жогорулады

Улуттук банк: доллардын сомго карата курсу 0.15%га жогорулады

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, 8-9-сентябрга карата доллардын сомго карата курсу 0.15% жогорулап, 78.7273 сомду түздү. Муну менен катар коммерциялык банктарда америка валютасынын курсу 79 сомдон жогорулап кетти. Бул тууралуу «Акчабар» финансылык порталы жазды.

Коммерциялык банктар жана Бишкектеги Байтик Баатыр-Москва көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайларда доллар 79 сомдон сатылып алынып, 79.4 сом менен сатылууда.

«Доллардын курсунун жогорулашынын себеби, Brent маркасындагы мунайдын баасы 41.4 доллардан 39.73 долларга чейин түшүп жатканыдыга байланыштуу. Андан сырткары, америка валютасынын рублга карата курсу 75.96 чейин өстү. Коңшу өлкөлөрдө болуп жаткан валюталык өзгөрүүлөр бизге дагы өз таасирин тийгизүүдө. Андан сырткары, ички инфляция дагы валютагы терс таасирин берет»,— деп билдирди Кыргызстандын акча алмаштыруучу бюролор Бирикмесинин өкүлү Думан Рыскулов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>