Мадумаров Атамбаевдин камактан чыгышы боюнча оюн айтты

Мадумаров Атамбаевдин камактан чыгышы боюнча оюн айтты

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин камактан чыгышы боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, эми Алмазбек Атамбаевге убагында айып таккандардын жоопкерчилиги каралашы керек.

«Алмазбек Атамбаев боштондукка чыкты. Куттуу болсун, жакындарын, жоро-жолдошторун куттуктайбыз. Маселе ошол кезде кабыл алынган чечимдерде болууда. Бул чечимдерди кимдер кабыл алган болсо, алардын жоопкерчилигин кароо зарыл», — деди Адахан Мадумаров.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 14-февралда Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынан чыгарылган.

Биринчи май райондук соту Атамбаевге чет өлкөдө дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча өкүмдөр жокко чыгарылып, кайра кароого жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.

Иш Биринчи май райондук сотунда кайра каралат.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы абактан чыккан. Ал учурда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>