Вице-мэр Нурдан Орунтаевди колдоп митингге чыккан аялга иш козголду

Вице-мэр Нурдан Орунтаевди колдоп митингге чыккан аялга иш козголду

Бүгүн, 26-майда УКМКнын имаратынын алдына Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевди колдоп митингге чыккан Назира Муканбетовага кылмыш иши козголду.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, митинг учурунда ал Г.Ч. аттуу аял киши менен кайым айтыша кетип, ага күч колдонгон. Окуян чоо-жайын териштирүү үчүн ал жакка милиция чакырылган.

Жыйынтыгында эки аял Биринчи май райондук милициясынын бөлүмчөсүнө жеткирилип, Г.Ч. аттуу аял Муканбетованын үстүнөн арыз жазган. Муканбетовага карата Укук бузуулар кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча иш катталган.

Эскерте кетсек, 24-майда Нурдан Орунтаев милиция жана муниципалитеттин кызматкерлери менен бирге Жалдагы «Батуми» кафесин бузган.

Андан кийин кафенин ээлери чиновниктин иши мыйзамсыз экенин айтып УКМКга кайрылган. 25-майда бузулган кафеге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү барып, кафенин ээлери менен жолуккан.

26-майда Орунтаевге жана мэриянын башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. Вице-мэр кафени буздурганы үчүн «Батуминин» ээлерине 3 млн сомдон ашык зыянды төлөп берери айтылган.

Орунтаев 26-майда УКМКда суракта болгондо, Назира Муканбетова атайын кызматтын имаратынын алдына вице-мэрди колдоп акцияга чыккан.

Тергөөчүдөн вице-мэрге чейин. Нурдан Орунтаев тууралуу эмне белгилүү?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>