Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылында 5 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка ылайык, 5 чакырым жолго асфальт төшөөгө 57 млн 820,7 миң сом каралган.
Сынак боюнча арыздар 5-сентябрга чейин кабыл алынат.
Келишим түзүлгөндөн кийин жолду асфальттоо иштери 2024-жылдын декабрь айына чейин бүткөрүлүшү керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз