Жалган маалымат. Каптагаев Жыргалаң көмүр кенинин ишке киргени тууралуу

Жалган маалымат. Каптагаев Жыргалаң көмүр кенинин ишке киргени тууралуу

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев «Фейсбуктагы» баракчасында өкмөттүн «12 жыл иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди» деген маалыматы боюнча үн катты.

Анын айтымында, өкмөттүн Жыргалаң көмүр кени ишке киргени тууралуу маалыматы жалган болуп саналат. Ал азыркы күнгө чейин иштебей турат.

«Ири-ири иштер аткарылып жатканда, ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахта Бакыт Дөргөев ачкан «Дөргө-көмүр» ишканасы. Алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом.

Ал эми айтылуу «Жыргалаң көмүр шахтасы» иштебей калган. Ичине суу толуп, ошол бойдон турат азыр деле. «12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди» дегенди уккан аксуулуктар, жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен?», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 3-авугстта өкмөттүн басма сөз кызматы Ысык-Көлдө 12 иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилгени тууралуу кабарлаган.

Өкмөт: Ысык-Көлдө 12 жыл иштебей турган көмүр кени ишке кирди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>