Жапаров: Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо процесси аяктоодо

Жапаров: Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо процесси аяктоодо

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процесси аяктоодо. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендин Раззаков шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземинде билдирди.

Ал эл алдында сүйлөп жатып, Раззаков чыгаан инсан болгонун айтып, Өзбекстанда экономика, мамлекеттик пландоо, агартуу тармагында иштеп, жетекчилик кызматтарды ээлегенин белгиледи.

«Өзбекстан менен мамилебиз жакшы, туризм өнүгүп жатат. Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процесси аяктоодо», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара тууралуу келишимдин долбоорун даярдаганы белгилүү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендней аталган документке ылайык, Кыргызстандын аймагы 15,8 гектарга көбөйөт. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди берет.

Кемпир-Абаддын берилишине каршы Кыргызстанда бир нече митинг өткөн.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>