Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
ЖК депутаттыгына 32 талапкер ат салышууда. Алар кимдер?
08.05.2023 | 10:30
Бүгүн, 8-майда Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталды.
Аталган райондон эл өкүлү болууга 32 талапкер ат салышууда.
Буга чейин, 6-майда Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлердин бюллетендеги катар санын аныктоо үчүн чүчү кулак тартылган. Ага ылайык талапкерлердин бюллетендеги катар саны:
| 1. | Айдаралиева Таалайгүл Муратовна, «Амина» коомдук фондунун директору |
| 2. | Айтбаев Акыл Казакович, убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат) |
| 3. | Суваналиев Өмүрбек Исакович, убактылуу иштебейт, Нарын жана Баткен облустарынын мурдагы башчысы, ИИМ министринин милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары |
| 4. | Мураталиев Бакытбек Баймбетович, убактылуу иштебейт |
| 5. | Сарылдык уулу Илгиз (Илгиз Шаменов), убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат) |
| 6. | Субанов Айбек Манасбекович, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жергиликтүү кызматкери |
| 7. | Аттокур уулу Илимбек, убактылуу иштебейт |
| 8. | Эмилов Темир Аттокурович, Бишкек ш.МАБ №3 башкы адис |
| 9. | Жээнбеков Равшан Бабырбекович, убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат) |
| 10. | Кадралиев Асылбек Мэлсович, «КФС» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруу комитетинин мүчөсү |
| 11. | Скорняков Андрей Владимирович, «Кумтөр Голд Компанинин» коопсуздук боюнча инженердик системанын адиси |
| 12. | Айткулов Муктарбек Мукулович, убактылуу иштебейт |
| 13. | Тербишалиев Данияр Өмүрзакович, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты |
| 14. | Сагидаева Салтанат Ариповна, Ж. Баласагын атындагы КУУнун филология окутуучусу |
| 15. | Керимбеков Бакыт Макенович, КР Пауэрлифтинг федерациясы |
| 16. | Искаков Эртай Дүйшөбекович, «ЗаЯпошки» коомдук бирикмесинин төрагасы |
| 17. | Сариев Улан Алмасбекович, Бишкек шаардык кенешинин депутаты |
| 18. | Камбаров Мирлан Адилбекович, убактылуу иштебейт |
| 19. | Бекназаров Руслан Азимбекович, убактылуу иштебейт, Бишкектин Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары |
| 20. | Касмалиев Ажыбек Кадыркулович, «Инженер землеустроителей и геодезистов Кыргызской Республики» коомдук бирикмесинин төрагасы |
| 21. | Рысалиев Бактыбек Коржубаевич, убактылуу иштебейт |
| 22. | Исмаилова Карачач Жумаевна, мектеп мугалими |
| 23. | Булекбаев Эркин Касымович, «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» төрагасы |
| 24. | Тазабекова Гүлшат Алпамышовна, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу |
| 25. | Кунакунов Максат Касымжанович, «Либерал-прогрессивдик партиясынын» төрагасы |
| 26. | Мадылбеков Эльдар Туратбекович, убактылуу иштебейт |
| 27. | Ниязалиева Дамира Абаскановна, Биринчи элдик курултайдын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты |
| 28. | Медеров Азамат Медерович, жеке ишкер |
| 29. | Бакир уулу Турсунбай, И. Арабаев университетинин профессору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты |
| 30. | Макешов Кубанычбек Бектемирович, «Альфа жана Омега» ЖЧКсынын башкы директору |
| 31. | Токталиев Акин Усубалиевич, «ЗЧ жана ДНК боюнча комитет» коомдук бирикмесинин төрагасы, адвокат |
| 32. | Маликов Аким Маликович, ИИМдин пенсионери, адвокат |
Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом