Жол кырсыгынан каза болгон ырчы кыз Нурзат Ажыгожоева акыркы сапарга узатылды

Жол кырсыгынан каза болгон ырчы кыз Нурзат Ажыгожоева акыркы сапарга узатылды

Бишкек-Ош жолунда кырсыкка учурап, каза болгон Нурзат Ажыгожоева бүгүн, 31-мартта Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы үйүнөн акыркы сапарга узатылды.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, кесиптештери, маданият кызматкерлери жана башкалар катышты.

Ажыгожоева 1981-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Маркум Сокулук райондук маданият бөлүмүнө караштуу О.Кутманалиев атындагы маданият үйүнүн директору болуп эмгектенип келген. Анын артында 2 кыз, 1 уулу калды.

Жол кырсыгы кечээ, 29-мартта Ош-Бишкек жолунун Суусамыр өрөөнү аркылуу өткөн бөлүгүндө болгон. Анда 1981-жылы туулган Н.А. аттуу аскер кызматкери окуя болгон жерде каза болуп, дагы 5 адам жаракат алып ооруканага түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аскердик унаанын айдоочусу катаал аба ырайына байланыштуу рулду башкара албай, унаа ала салып кеткен.

Суусамырда аскердик унаа аласалып, ырчы кыз каза болду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>