Тажик тараптын аткылоосунан төрт чек арачы мерт кетти – сүрөт

Тажик тараптын аткылоосунан төрт чек арачы мерт кетти – сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кеминде 24 адам каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.

Каза болгон адамдардын ичинен дагы төрт аскер кызматкеринин өздүгү аныкталды. Бул боюнча маркумдардын жакындары билдирди.

Дастан Анарбеков, 21 жашта. Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган. 17 жашында Бишкек шаарындагы Куралдуу күчтөрүнүн аскер институтуна тапшырган. Быйыл окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, Баткен облусуна чек ара кызматына кызмат өтөөгө бөлүнгөн. Чек ара жаңжалында Тажикстандын аскерлеринин аткылоосунан улам каза тапты.

Бектур Арзибаев Кара-Суу районунун Жапалак айылынын тургуну. Чек арасындагы жаңжалда окко учуп каза болду. Артында 2 баласы калды.

Апсамат Жекшенбек уулу Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында туулган. А.Чортеков атындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган. Баткендеги чек арага аскердик кызмат өтөп, бир полкко командир болуп барган.

“Мүнөзү жумшак, элпек, көздөрүнөн от жанып турган патриот жигит эле. Окууну аяктагандан кийин өзүнүн максаты, кыялы болгон мекен чегиндеги жоокердик кызматка даярданды. Эң мыкты деген жерлерде өз кызматын өтөдү. Мекенин коргоо учурунда баатырларча курман болду”, — дешти жакындары.

Алишер Набиев, 22 жашта. Лейлек районунун Кулунду айылынын кулуну. Чек ара кызматында контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн.

«Ал үй-бүлөдө эң улуусу болчу. Атасы жакында эле Орусиядан келген. Алишер күзүндө үйлөнүүнү пландап жаткан. Ал шайыр, боорукер жигит эле. Көптөгөн жигиттер сыяктуу мекенин коргоо үчүн кызматка кеткен. 2022-жылдын март айында армияда кызмат өтөгөндөн кийин контракт боюнча аскер кызматын улантууну чечкен. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ болду», — дешти жакындары.

Буга чейин 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну болгон эки аскер кызматкери каза болгону маалымдалган. 

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, куралдуу кагылыш башталган. Чек ара кызматы кагылыштын башталышына Тажикстан тарапты айыптап, кийинчерээк Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатканын билдирди.

Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болду. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылды. Бийлик 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча жаңжалдан 24 адам каза болгон. Ошондой эле жарадар болгондордун саны 120дан ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>