Жумгалда кызмат абалынан пайдаланган жетекчилерге иш козголду

Жумгалда кызмат абалынан пайдаланган жетекчилерге иш козголду

Жумгал районунда суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акысын өз кызыкчылыгына пайдаланган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарын жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен жалпы суммасы 3 миллион 62 миң 330 сом акча каражатын банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.

Кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени айтылат.

Аталган факты боюнча 320-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталган жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 миллион 62 миң 330 сом суммасындагы акча каражатын мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканы кабарланат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>