2022-жыл: Чечиле элек чек ара чыры, өкмөттүн убадасы жана кыйналган эл

2022-жыл: Чечиле элек чек ара чыры, өкмөттүн убадасы жана кыйналган эл

Кыргызстанда 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал оор жоготууларга алып келген окуя болуп калды. Reporter.kg узап бара жаткан жылда чек ара чырлары эмне менен аяктаганына саресеп салды.

2022-жылдын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал эң масштабдуу болду.  Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге кол салды.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген.

Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам Кыргызстандын 63 жараны курман болду. Алардын ичинен 48и аскер кызматкери, 15и жай тургун. Ошондой эле, 206 киши ар кандай жараат алды, 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. 700гө жакын үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалга кептелди. Бастырып кирүүдөн кыргыз тарап жалпы суммасы 6-8 млрд. сомдук зыян тартканын өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча кеп козгогон. Жапаров 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны «агрессия» деп атап, Тажикстанды «бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады» деп айыптаган.

Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Орусиянын президенти Владимир Путин ортомчу болууга аракет кылды. Казакстандын Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуу жабык өтүп, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Рахмон менен Жапаров кол алышып учурушкан жок.

Жапаров кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салган.

Ошондой эле ал, Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгилеген. Бирок, кандай чечимдер кабыл алынганы боюнча маалымат айтылган эмес.

Баткенде 1-6-декабрь күндөрү кыргыз-тажик чек араларын делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө узундугу 17,66 чакырым чек ара сызыгынын долбоордук жазуусу аткарылып, 2023-жылга карата жолугушуунун план-графиги макулдашылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын 9-декабрындагы жыйынында Баткен облусу боюнча 3942 жаран үйлөрүнө кайтып келе электигин айтып, үйлөрдүн курулушу бүтпөй жатканын сынга алган.

Садыр Жапаров 24-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапары менен барып, Ак-Сай жана Капчыгай айылдарындагы талкаланган үйлөрдү көргөн. Ал турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Ак-Сай айылында 51 турак-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алган. Бардык үйлөрдүн  пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, 5 үйдүн чатырын жабуу аяктаган. 14 үйдө дубалдарын, ички ремонтун бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 27-декабрындагы жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев Баткенде курулуш иштери 22-октябрда башталып, бүгүнкү күндө 2 объект бүткөрүлүп, 121 үйдүн дубалы тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып, 9 үйдүн чатыры толугу менен бүткөрүлгөнүн маалымдаган.

Жыйында каржы министрлиги 3 транш менен 1 млрд 400 млн сом бөлгөнү маалымдалды. Буга чейин өкмөт Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп, пайдаланууга берилерин, акча жетиштүү бөлүнүп жатканын айтып ишендирген. Бүгүнкү күндө депутаттар курулуш жай жүрүп жатканына нааразы болуп, жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылынууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>