2022-жыл: Миллиондорду мамлекетке төгүп, камактан чыккан чиновниктер

2022-жыл: Миллиондорду мамлекетке төгүп, камактан чыккан чиновниктер

Кыргызстанда 2022-жылы коррупцияга, мыйзамсыз баюуга жана пара алууга шектелип кармалган чиновниктердин мамлекетке келтирген зыянды төлөп берип, үй камыгына чыккан же толугу менен акталган учурлары катталды. Reporter.kg узап бараткан жылы миллиондорду төлөп, сот тарабынан бошотулган аткаминерлерди тизмектеди.

Туйгунаалы Абдраимов

Борбордук шайлоо комиссиясын мурунку төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 2022-жылдын 30-апрелинде кармаган. Ал «БШКны жетектеп турган учурунда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык «Кайнар» ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган» деп айыпталган.

Ал 2022-жылдын 1-июлунда үй камагына чыгарылган. УКМК муну ал келтирилген зыяндын ордун толтурганы менен түшүндүргөн. 2022-жылдын 21-сентябрында Биринчи май райондук соту Туйгунаалы Абдраимовду Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, ага 20 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө башкача айтканда 2 млн сом айып салынган.

УКМК Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылганын жана ал мамлекетке кайтарган жердин жана конок үйүнүн баасы 15 млн. 300 миң сомго бааланганын маалымдаган.

Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары жана 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылдай иштеген.

Адилет Кубанычбеков

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков 2022-жылдын 17-январында коррупцияга шектелип кармалып, 19-январда соттун чечими менен эки айга камакка алынган.  Ал товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын коргогон деп айыпталган.

Биринчи май райондук соту 28-апрелде Адилет Кубанычбековго өкүм чыгарган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1 млн сом айып салынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Адилет Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алып, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Ахматбек Келдибеков

2022-жылдын 18-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-спикер, «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековдун иши боюнча өкүм чыгарган.

Ахматбек Келдибеков Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү, 303-беренесинин 1-бөлүгү жана 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча коюлган айыптар боюнча (1997-жылдын 1-октябрындагы мыйзамынын редакциясына ылайык) күнөөлүү эмес деп табылып, кылмыштардын курамынын жоктугуна байланыштуу акталган.

2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ахматбек Келдибековду Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен актап жана ошол эле берене менен күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле ага 30 миң эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Ал эми бул чечимди Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 11-мартында карап, Биринчи май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган өкүмүнүн актаган жерин өзгөртүп, 50 миң эсептик көрсөткүчтө айып салган.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң көрсөткүчө айып тагылган. Башкача айтканда, 10 миллион сом мамлекетке которуу чечими чыгарылган.

Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси 2022-жылдын 2-июнунда коррупцияга шектелип кармалып, ага жети кылмыш боюнча айып тагылган. Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши — кызмат абалы менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү. Ал мамлекетке 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Мындан кийин ал президент тарабынан кызматынан бошотулуп, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Ал эми 16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, иш материалдары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдиргендей, ИИМдин Тергөө кызматы Алымкадыр Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу иш кыскартылган деген чечим чыгарган. Мындан тышкары, ал COVID-19 долбоору боюнча өзгөчө кырдаал долбоорун кошумча каржылоонун алкагында 13 миллион 454 миң доллар өлчөмүндөгү чыгымдын орду толтурулганын айткан.

Ал эми 20-августта А.Бейшеналиев Чолпон-Атадагы «Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.

Алмазбек Бейшеналиев

Билим берүү жана илим министрлигинин мурунку башчысы Алмазбек Бейшеналиев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 28-сентябрында кармалган.

ИИМ Бейшеналиев чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы боюнча кармалганын маалымдаган. Ал 2022-жылдын февраль айында министр болуп дайындалган. Мындан кийин Садыр Жапаров аны кызматынан бошотуп, сот тарабынан эки айга камакка алынган.

2022-жылдын 18-октябрында ИИМ Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлгөнүн билдирген.

Курманбек Дыйканбаев

Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев 2022-жылдын 8-декабрында Жогорку сот тарабынан акталган.

УКМК аны 2020-жылы кармап, 5-октябрдагы парламенттик шайлоо маалында “Дастан” мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги жетекчисин «кызматтан алдырам» деп коркутуп, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 млн. сом талап кылган деп айып таккан.

Дыйканбаев 2021-жылы тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик бюджетке 7 млн. сом төгүп берип, үй камагына чыкканы кабарланган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>