Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Мектеп директору иштен алынды

Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Мектеп директору иштен алынды

“Ала-Тоо” аквапаркында окуучунун өлүмү боюнча Бишкек шаарындагы №95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, директор кызматтан 10-июнда кызматтан алынды.

“Ал Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча, тактап айтканда эмгек тартибин бузгандыгы жана окуучулардын өмүрүн коргоо жөнүндө билим берүү бөлүмүнүн буйругун аткарбагандыгы үчүн иштен алынды”, — деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, бул иш боюнча тергөө иштеринин алкагында аквапарктын куткаруучусу кармалганы маалымдалган.

Буга чейин аквапаркта чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча түшүндүрмө берген. Бишкек шаардык мэриясы бул окуяга тиешеси бар делген 6 мугалим, башталгыч мектептин завучу иштен бошотулганын билдирген. Учурда милиция териштирүү иштерин улантууда.

Ошондой эле, “Ала-Тоо” аквапаркынын администрациясы дагы үн каткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>