Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду
07.10.2021 | 09:46
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду.
Үчүнчү орунга болгон таймашууда Айпери Медет кызы украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде артта калтырып, коло байгени камсыздады.
Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөшүп, ага мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда россиялык Марина Суровцева менен кезек келип, аны дагы 10:0 эсебинде жеңген.
Бирок, жарым финалдык кармашууда эстониялык Эпп Мяэге 3:3 эсебинде (акыркы упайды алган утат) жеңилип калган.