Бектур Асанов: Садыр Жапаровдун ишинде кылмыш болгон

Бектур Асанов: Садыр Жапаровдун ишинде кылмыш болгон

«Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун Бишкекте өтүп жаткан жыйынында саясатчы Бектур Асанов өзүнүн камалышы менен Садыр Жапаровдун камалышын  салыштырды.

Ушул жерден белгилей кетсек, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун президенттикке талапкер болуу үчүн берген арыздарын артка кайтарган. Буга алардын соттуулугу жоюлбагандыгы себеп болгон.

Асанов менен Кадыров мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылышкан. Эгер акталбаса анда ачкачылык жарыялашат.

“Кубанычбек Кадыров экөбүз президенттик шайлоого катышып жатабыз, 25-ноябрда сотубуз болот. Сотто мурдагы өкүмдү жокко чыгарбай коё алышпайт. Бирок шалоого катыштырбоо үчүн сотту жылдырып коюшу мүмкүн. Биз эмне кылабыз? Конкреттүү планыбыз бар. Эгер сотту жылдырып койсо кургак ачкачылык жарыялайбыз. Бул биздин тажрыйбабызда бар. Түрмөдө 17 күн кургак ачкачылык жарыялаганбыз”, – деди Асанов.

Саясатчынын айтымында алар ачкачылык жарыялоо менен бийликке эки талап коюшат.

“Бизде эки талап болот. Биринчиси: соттун адилеттүүлүгү орноп, шайлоого катышуубуз керек. Экинчиси: эгер биз шайлоого катышпасак анда Садыр Жапаров дагы шайлоого катышпашы керек. Садыр Жапаровдун ишинде кылмыш болгон, адамды барымтага алган, бир туугандары, бир тууган жээни катышкан. Мен анын бир тууган жээни менен  үч ай бир камерада жаткам. Ал моюнга алган. Садырдын агасы, Садырдын иниси буйрук берип турган. Садырдын өзүнүн канчалык катыштыгы бар экенин тергөө аныктадыбы аныктай албадыбы билбейм. А биздикинде кылмыш болгон эмес, сүйлөшүп чай ичип отурганыбызды тартып алып эле кылмышка даярданды деп камашкан”, – деди Асанов.

Бүгүн, 20-ноябрда Конституциясынын жаңы долбооруна каршы жарандык коом тарабынан уюштурулган «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аталышта жыйын өтүүдө. Ага бир катар саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук тулкууга чыккан. Ага демилгечи катары 80 депутат көрсөтүлгөн. Алардын айрымдары долбоорго  автор болбогонун билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>