«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди2025-жылы президенттин фондунан 2,7 млрд сом эмнеге жумшалдыЖапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышатСыйлыкты чындап татыктуу болгондор гана алышы керек — Садыр ЖапаровТокмоктогу дөңгөлөк кайра иштетүүчү завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыктыЧүй облусунда 450 млн сомдук тоок фабрикасы ишке киргизилди
Бишкекте айрым автобустардын каттамы өзгөрдү
25.07.2023 | 09:51
25-июлдан 5-августка чейин өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу айрым автобус жана кичи автобустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин бөлүгүндө жер иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү:
- №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
- №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
- №131 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.
- №121 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Коом