Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов балдардын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык ооруканасындагы акыркы үч жылдык көрсөткүчкө ылайык, ар кандай оорулардын кесепетинен 2021-жылы 55 бала, 2022-жылы 53 бала, 2023-жылдын төрт айында 16 бала каза болгон.
“Дарыгерлер туура эмес диагноз коюп жатышат. Мындан улам дарылоонун протоколу дагы туура эмес болуп жатат. Чарчап калган балдардын ата-энелери дарыгерлердин күнөөсү болуп жатканын айтып кайрылышууда. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берилип, текшерүүгө алынышы керек”, — деп депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
Ошондой эле, депутат саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр маселесине токтолду.
“Бишкектеги бир үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мурунку мүчөсү экен. Ошондой адамдар кантип мекемени башкарат? Фамилиясын алмаштырып алса эле, иштей берсе болобу?”, — деп суроо салды эл өкүлү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз