Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен энергетика боюнча эки макулдашууга кол койду

Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен энергетика боюнча эки макулдашууга кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлорунун Кыргызстанга боло турган сапары тууралуу кенен талкуу жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда “Кыргызстанда Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишмердүүлүгү” жана “Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорун каржылоонун – 1-фазасы” жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.

Жогорудагы макулдашуулардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташуунун мындан ары дагы тереңдешине жана бекемделишине түрткү берет.

Белгилей кетсек, энергетика тармагында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоолор болуп келген, маселен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча долбоорду каржылоого макулдук берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>