Жапырт камоо: Орозайым Нарматова Москвадан кармалды

Жапырт камоо: Орозайым Нарматова Москвадан кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова кармалды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg басылмасына «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова тастыктады.

Анын айтымында, ага бул тууралуу Орозайым Нарматованын жакындары билдиришкен. Ал бүгүн Москвада кармалган. Кармоонун чоо-жайы азырынча белгисиз.

Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Буга Нарматова да мүчө болгон.

Ал бүгүн акыркы катым деп Фейсбуктагы баракчасына пост жазган.

23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.   

Аталган комитеттин координатору Мамбетжунус Абылов УКМКга киргизилди. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>