Кемпир-Абад иши: Дагы төрт адам камакта калды

Кемпир-Абад иши: Дагы төрт адам камакта калды

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыздар каралды.

Маалым болгондой, Мамбетжунус Абылов, Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Рита Карасартованын баш коргоо чарасын караган шаардык сот мындан мурда Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Ага ылайык алар 20-февралга чейин камакта калышат.

Бүгүн түшкө чейинки соттук отурумдарда Атай Бейшенбек, Равшан Жээнбеков, Марат Баязов, Бектур Асанов жана Чыңгыз Капаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Эскерте кетсек, «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>