УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетти

УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетти

Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, 30-ноябрда Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалымдаган. Бул факты боюнча УКМК тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлуп, депутат Жанар Акаев, Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришкен.

«Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өзү жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга бир нече жолу чакырылган, бирок жүргүзүлүп жаткан иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес. УКМКга келип түшкөн маалыматтардын негизинде депутат Эмил Жамгырчиевдин Кыргызстандын аймагында жок болушу, анын өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшүнөн жана ал башка өлкөнүн аймагында болуусунан кабар берет», — деп билдирет УКМК.

Ага байланыштуу УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө (0312) 660 475, (0312) 626 504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин кармалып, кайра кое берилгени, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынганы тууралуу маселени көтөрүп, аны Жамгырчиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырган.

Ошондой эле, Акаев буга чейин Эмил Жамгырчиевге козголуп, сот тарабынан актоо чечими чыккан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатканын айткан. Аны менен бирге, ал Жамгырчиевдин үйү менен унаасынан үн жана видео жаздыруучу жабдык табылганын билдирген.

Ал эми УКМК Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экенин билдирген.

6-декабрда Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>