Парламент: Кемпир-Абаддын суусун колдонуу маселеси жабык каралууда

Парламент: Кемпир-Абаддын суусун колдонуу маселеси жабык каралууда

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жабык кароодо.

Жыйында депутат Ырысбек Атажанов аталган маселени жабык кароону сунуштады. Маселени жабык эшик артында кароого депутаттар Адахан Мадумаров менен Нуржигит Кадырбеков каршы чыгышты.

Бирок Ырысбек Атажановдун сунушу добушка коюлуп, көпчүлүк маселенин жабык каралышын колдоду.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара тууралуу келишимдин долбоорун даярдаганы белгилүү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендней аталган документке ылайык, Кыргызстандын аймагы 15,8 гектарга көбөйөт. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди берет. Аны менен бирге эки өлкө Кемпир-Абаддын суусун колдонуу боюнча биргелешкен ишкана түзмөк.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жапырт камоолор. Канча киши жана кимдер камалды?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>